Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Хабаровскиде нөшөргө карабай каршылык акциясы өттү


Хабаровсктогу митингге чыккандар. 1-август, 2020-жыл.
Хабаровсктогу митингге чыккандар. 1-август, 2020-жыл.

Орусиянын Хабаровск шаарында аймактын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы акция 1-августта дагы уланды.

Расмий маалыматтарга караганда, катуу нөшөргө карабай бул күнкү митингге үч жарым миңдей адам чыкты.

Бул мурдагы ишемби күндөрү өткөн акцияларга чыккандардын санына караганда кыйла аз экенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Кармалгандар тууралуу маалыматтар болгон жок. Акцияга полиция өкүлдөрү көз салып турушту.

Хабаровскинин тургундарына тилектештик билдирип, ушундай эле митингдер Комсомольск-на-Амур, Владивосток жана Түштүк Сахалин шаарларында дагы өттү.

Хабаровск шаарындагы митингдер 9-июлда Сергей Фургал 15 жыл мурунку киши өлтүрүүгө айыпталып, камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Фургал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири болчу.

Нааразы болгондор Москвага, Кремлдин саясатына, Орусиянын президенти Владимир Путинге да нааразылык билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG