Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Жээнбеков тааныш-билиш менен кызматка орношууну жое турганын айтты


Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 1-август.
Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 1-август.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтан баштап кадр тандоо боюнча жаңы система ишке кирерин билдирди. Жээнбеков "Биринчи радиого” курган маегинде мамлекеттик кызматка кадр тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга аракет башталганын белгиледи.

“1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти”, - деди президент.

2019-жылдын башында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кадрларды каттоого алуунун автоматташтырылган e-kyzmat маалыматтык системасы түзүлгөнүн жарыя кылган. Мамлекеттик кадр кызматы бул системаны "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен чогуу иштеп чыккан.

e-kyzmat электрондук системасы учурда 43 мамлекеттик органга жана Бишкек шаарынын мэриясына орнотулган. Ага ошол кезде 12 миң кызматкер катталганы айтылган.

Бул электрондук система персоналды башкарууга, сынак жарыялоого, кызматкерлердин ишине баа берүүгө жана аларды квалификациясын жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик кызматкерлер эми онлайн режимде бош кызмат орундарына талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк алат.

Адистер көп учурда парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар өкмөттөгү “майлуу-сүттүү” орундарга партиялаштарын орноштурарын айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG