Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

2-август: 19 медициналык кызматкерден коронавирус табылды


Кыргызстан. Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүшүүдө.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 19 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Республикалык штабдын 2-августтагы маалыматына ылайык, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, алтоо Ош облусунда, бирөө Жалал-Абад аймагында, сегизи Ысык-Көл облусунда, экөө Баткенде катталды.

Бир күн аралыгында беш медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантининде отурган 41 кызматкер сакайды.

Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медиктердин саны 2 809 кишиге жетти. Анын 1 812си айыкты.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер дарыланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG