Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттик шайлоого эки ай калганын белгилеп, добуш берүү маалындагы санитардык эрежелер иштелип чыгышы керек экенин билдирди. Депутат бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“63 күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бирок азыркыга чейин добуш берүүнүн так эрежеси жок. Макул, санитайзер, беткап, колкап, болсун, бирок имараттын ичиндеги байкоочулар, комиссия мүчөлөрү, өкүлдөр кантип иштейт? Кызматкеринен коронавирус табылса партиянын кеңсеси жабылабы?”, - деп жазды депутат.
Бекешев Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен өкмөт биргеликте бул маселе боюнча иш алып барып жатканына үмүт артып, добуш берүү күнүнөн кийин пандемия күч алып кетпеши керек экенин кошумчалады.
БШК буга чейин бекитилген пландын негизинде уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүп жатканын маалымдаган. Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу саясий партияларды үгүт өнөктүгүн онлайн түрдө өткөрүүгө чакырууда.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 44 саясий партия шайлоого катышкысы келерин билдирип, БШКга кайрылды. Буга чейин «Ата Мекен», «Республика» сыяктуу партиялар коронавирус пандемиясына байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуш кылышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков мындай сунуштарды популизм катары баалап, шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүн жарыя кылган. (TSh)