Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Камерундагы качкындар лагериндеги жардыруудан 13 киши көз жумду


"Боко Харам" террордук уюмунун жоочулары.

Камерундун түндүгүндөгү качкындар лагерине коюлган чабуулдан кеминде 13 киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Бийлик 2-августтагы кол салуунун артында «Боко Харам» ашынган исламчыл тобу турат деп эсептейт.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, белгисиз адамдар лагердеги адамдарга граната ыргытышкан.

"Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып каза болгондордун саны көп болушу мүмкүн экенин жазды.

“Боко Харам” террордук тобу Африканын батышында "Ислам халифатын" түзүүнү көздөп, коңшу Нигерия мамлекетинин аймагында соңку он жылдан бери ар кандай чабуулдарды уюштуруп келет.

Куралдуу кагылышууларда, кол салууларда отуз миңден ашык адам каза болгон. Нигерия, Камерун, Чад жана Нигер мамлекеттеринин тургундары үй жайын таштап, качкынга айланууга аргасыз болушту.

Былтыр "Боко Харам" уюмуна тиешеси бар деп шектелген үч жүздөй жоочу Камерундун түндүгүндө жайгашкан Чад көлүндөгү аралга кол салышып, 24 кишини, анын ичинде 16 камерун аскерин өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG