Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү бүгүн уланат


Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 27-29-июлга белгиленген эки жараян Өмүрбек Текебаев келбегенине байланыштуу жылдырылган. Ал эми адвокат Таалайгүл Токтакунова бүгүнкү жараянда Текебаевди дарылаган врач көрсөтмө берерин «Азаттыкка» билдирди:

«Бүгүнкү жараянга Текебаевдин дарыгери келип, көрсөтмө бериши керек. Мындай чечимди сот 29-июлдагы отурумда кабыл алган. Дарыгер Текебаевдин оорусу, абалы, ага берилген сунуштар тууралуу маалымат берет».

Токтакунованын айтымында жараянда прокурорлор Текебаевдин өзү басып-туруп жүргөн болсо, дарыгердин маалымкатын алып, сотко келишин талап кылышкан. Бирок сот дарыгердин маалымкатын өзү чечмелей албай турганын билдирип, дарыгердин өзүн сотко чакырууну туура көргөн.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурумда орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинди суракка алуу протоколун угузула баштады. Муну менен күбөлөрдүн жана сотко келбеген күбөлөрдүн мурда берген көрсөтмөлөрүн угуу жыйынтыкталат. Андан кийин тараптардын жарыш сөзү башталат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми райондук сот 29-августта камактагы саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп сот залынан бошоткон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатканына бир жылга чукулдап калды. Текебаев былтыр журналисттерге сот атайылап создуктурулуп жатканын айтып, муну парламенттик шайлоого аны катыштырбоо аракети катары баалаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG