Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүнү онлайн жүргүзө баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, сот залы менен Бишкектин №1 тергөө абагы ортосунда видеобайланыш уюштурулду.
Бирок, Жолдубаева маалымдагандай, соттолуучулар жана адвокаттар судья Марат Сыдыковдун мындай чечимине нааразылыгын билдиришти.
«Анткени тергөө абагында кармалып жаткан соттолуучулар адвокаттары менен байланыш жок экенин, бул мыйзам бузуу экенин айтышты, - деди ал. - Алардын ортосунда тыгыз байланыш болушу керек, тактикасын, суроолорго жоопторун макулдашуусу зарыл. Ошондуктан бүгүнкү отурумду мыйзам бузуу катары баалашты».
Жолдубаева кошумчалагандай, соттолуучулардын бири, ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 колонияда отурган Канат Осмоналиев видео байланышка чыккан жок. Ошондуктан отурумду 5-августта улантып, ага чейин Осмоналиевдин видео байланышка чыгышын камсыз кылуу жөнүндө чечими кабыл алынды.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.
Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.
Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.
Ишти райондук сот жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда.
Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (RK)