Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

COVID-19: Саламаттык сактоо министри жумушка чыкты


Сабиржан Абдикаримов. Апрель, 2020-жыл. Бишкек.
Сабиржан Абдикаримов. Апрель, 2020-жыл. Бишкек.

Саламаттык сактоо министрлиги министр Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкканын 3-августта билдирди.

Маалыматка караганда, министр стационардык дарылануудан кийин бир жума үй карантининде жана обочолонуу режиминде болду.

Сабиржан Абдикаримов коронавирус козгоочу пневмонияга чалдыгып, 10-июлда ооруканага жатканы айтылган.

Буга чейин анын кызматтан кеткени, ордуна өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева дайындалары тууралуу маалымат тарап, бирок өкмөт аны четке каккан.

Абдикаримов ооруган учурда саламаттык сактоо министринин милдетин анын орун басары Мадамин Каратаев аткарды.

Кыргызстанда 17-июлдан бери пневмония коронавирус катары эсептелип жатат.

XS
SM
MD
LG