Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

COVID-19: Каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү


Кыргызстанда пандемияда ачылган убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстанда пандемияда ачылган убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсү кенемте алганын 3-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.

«3-августка карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерден 40ка жакын арыз түштү. Анын төртөө боюнча кенемте бүгүн берилет, калган арыздар документтер туура эмес толтурулгандыктан иштелип жатат. Вирустан каза болгон эки кызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Комиссия арыздарды кароону улантып жатат», - деди Муктарбек Баймурзаев.

Өкмөт буга чейин иш учурунда COVID-19 жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон бир жолку акчалай кенемте берилерин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 2829 медиктен аныкталып, анын 1 853ү айыкты. Расмий маалымат боюнча вирус 73 медиктин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG