Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

АКШда коронавирус аймактарга тарап жатат


Дебора Биркс.
Дебора Биркс.

Кошмо Штаттарда коронавирус жаңы баскычка өтүп, учурда шаарларда гана эмес, аймактарда да кеңири тарала баштады. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча координатору Дебора Биркс 2-августта билдирди.

«Абдан кеңири тарап кетти. Айыл-аймактарда жашагандарга кайрылам, силер коронавирустан корголгон эмессиңер. Эгер туугандарыңар, улгайган адамдар менен чогуу жашасаңар, силердин аймакта эпидемия тарап жаткан болсо, анда жада калса үйдө да беткапчан жүрүүгө туура келет», деп эскертет эксперт CNN телеканалындагы маегинде.

3-августка карата Кошмо Штаттарда коронавирустун кесепетинен көз жумгандар 158 миңден ашты. Жугузуп алгандар 4,8 миллионго жетсе, алардын жарымына жакыны айыгып чыккан.

XS
SM
MD
LG