Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери, үйдөн чыгууга дарыгер убактылуу тыюу салган Өмүрбек Текебаевди сотко мажбурлап алып келүүнү өтүндү. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 3-августтагы отурумда пневмониядан кийин 14 күн үйдө болуп жаткандыктан сотко барбаган Текебаевдин маселеси талкууланганын «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Токтакунова башка соттук иштерди мисал келтирип, ушундай эле диагноз коюлган соттолуучулардын ишин кароодо прокуратура дарыгердин айтканына макул болуп жатканын белгиледи:
«Ага прокуратура «аа, макул, 14 күн жатыш керек болсо жатсын» деп, 14-күнгө сот отурумун белгилетип, азыр процесс уланып жатат. Текебаевге келгенде ушул эле оору, эки тараптуу пневмония, ушундай эле 14 күн үйдө болсун деген сунуш, бирок Башкы прокуратуранын кызматкери «Жок, ал үйүндө отурбашы керек. Эртең эле чыксын» деп жатат».
Текебаев пневмониядан дарыланып эки жумадан ашык убакыт ооруканага жатып чыкканын, эки жума үй режиминде дарыланып, андан кийин обсервацияда болушу керектигин 29-июлда билдирген.
Ошол күнү сот отурумунда судья Текебаев өзү келе албаса аны дарылаган доктур келип, маалымат беришин талап кылган.
Адвокаттын айтымында, 3-августтагы отурумда Текебаевди караган дарыгер «кызыл зонада» иштеп жатканы, сотко келе албай тургандыгы айтылды. Башкы прокуратуранын өкүлү анда Текебаевдин өзүн мажбурлап алып келүүнү, кийинки отурумду эртеңки күнгө дайындоону соттон суранды.
Токтакунова 14 күндүк мөөнөт 10-августта аяктай турганын, ага чейин Текебаевди сот залына алып келүү жараяндын башка катышуучуларынын ден соолугуна кооптуу экенин айтканын кошумчалады.
Натыйжада сот эки тараптын жүйөлөрүн угуп чыгып, кийинки отурумду 5-августка дайындады. Башкы прокуратурадан 14 күн үйдө жатса болобу же жокпу деген маалыматты тастыктап бериш үчүн өзүлөрү каалаган медициналык жайдын өкүлүнүн катышуусун камсыз кылууну талап кылды.
Саясатчынын өзүн алып келүү өтүнүчү азырынча ачык бойдон калды.
Сот жана Башкы прокуратура бүгүнкү отурум боюнча өз маалыматын бере элек.
Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (RK)