Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

4-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Аксы району. Сары-Челек көлү июль айында.
Аксы району. Сары-Челек көлү июль айында.

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, 29…34;

Суусамырда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;

Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус болот

Бийик тоолуу райондордо температура түнкүсүн -4…+1, 11…16 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 4-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34° градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG