Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

Киевде өзбек жараны террорчулук үчүн шектүү катары кармалды


Шектүү Киевдеги соода борборлорунун бириндеги банктын кеңсесин жардырарын айтып коркуткан. 3-август, 2020-жыл.
Шектүү Киевдеги соода борборлорунун бириндеги банктын кеңсесин жардырарын айтып коркуткан. 3-август, 2020-жыл.

Украинаын атайын даярдыктагы аскерлери Киевдеги бизнес-борбордо бир аялды барымтага алып, бомба жардырарын айткан адамды кармады. Шектүү «Универсал банктын» кеңсесинде журналисттер менен сүйлөшүп жатканда колго түшүрүлгөнү маалымдалды.

Ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко «Баштапкы маалыматка караганда, теракт менен коркуткан адам - Өзбекстандын жараны Каримов Сухроб Рахманович» деп билдирип, сүрөтүн жарыялады. 32 жаштагы Каримовду Геращенко «психикасы туруктуу эмес адам» деп болжолдоду. Шектүү өзүн «ыйык» атап, «дүйнөдөгү бардык президенттерди камоону» талап кылган.

Украин ички иштер министринин орун басары жардыруу болбогонун, сапёрлор окуя болгон жерде иштеп атышканын кошумчалады.

Полицияга «Универсал банктан» 3-августта саат 12де чалышкан. Анда белгисиз адам банкка кирип келип, баштыгында бомба бар экенин айтканы кабарланган.

21-июлда өлкөнүн шаарында дагы бир адам 13 кишини барымтага алып, 2005-жылы тартылган «Земляне» деген фильмди көрүүнү элге сунуш кылууну президент Владимир Зеленскийден талап кылган. Зеленский талапты аткарган соң 12 сааттан кийин туткундар аман-эсен бошотулган.

XS
SM
MD
LG