Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Бишкекте коомдук транспорттун иш убактысы узартылды


Бишкек.
Бишкек.

3-августтан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт саат 07:00дөн
11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн 23:00гө чейин иштей баштады.
Автобус, троллейбус жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилди. Дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт.

Мындан тышкары аянты 100 чарчы метрден ашык соода борборлоруна,
супермаркеттерге саат 07:00дөн 00:00 чейин иштөөгө уруксат берилди. Кафе-ресторан жана башка коомдук тамактануучу жайлар саат 07:00дөн
22:00гө чейин иштейт. Тамак жеткирүүгө күнү-түнү уруксат.

Баш калаадагы базарлар саат 09:00дө ачылып, 17:00дө жабылат.

Бул борбор шаардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу
максатында, мэр Азиз Суракматовдун буйругу менен ишке ашырылууда.

Ошол эле учурда массалык иш-чараларлы өткөрүүгө, аш-тойлорго тыюу
салынат. Тойканалардын иши жанданбайт. Балдар ойноочу аянттардын,
оюн-зоок жайларынын иштешине уруксат жок. Ушундай эле тыюу түнкү клубдарга, барларга, караоке клубдарга да салынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG