Түндүк Ирландиядагы жаңжалдын токтошуна себеп болгону үчүн Нобел
сыйлыгына татыган Жон Хьюм 3-августта 83 жаш курагында оорудан көз
жумду.
Хьюм бул сыйлыкка 1998-жылы «Ольстер» партиясынын мурунку лидери Дэвид Тримлоу менен кошо татыктуу болгон.
Ирландиянын улуттук университетин аяктаган соң Жон Хьюм искусствонун магистри болгон. Кийинчерээк насыя бирикмесинин түзүүчүсү болуп калган.
1969-жылы Түндүк Ирландиянын парламентине шайланып, бир жылдан соң тарапташтары менен кошо Социал-демократиялык либерал партияны түзгөн. 1979-жылы Европарламенттин өкүлү болгон.
Жон Хьюм Англо-ирландиялык келишимге да 1985-жылы кол койгон.
1998-жылы ал Белфаст макулдашуусуна катышкан. Ал макулдашуу
Түндүк Ирландиядагы 30 жылдан берки тирешке чекит койгон.
2004-жылы Хьюм саясаттан кетүүнү чечкен.