Британиянын мурдагы соода министри Лиам Фокстун электрондук почтасын бузууга Орусиянын тиешеси бар деген маалыматты жергиликтүү басылмалар жазышты. Ага ылайык, натыйжада Британия менен АКШнын соода алакасына байланыштуу жашыруун документтер ачыкка чыгып кеткен. Анда Британиядагы парламенттик шайлоого даярдык алдындагы кат алышуу болгон.
«Reuters» агенттиги Лиам Фокстун кат куржуну бузулушу жана андан документтер уурдалышы – Орусияны британ саясатына кийлигишет деп шек саноого мисал болуучу негизги себеп экенин жазды. Маалыматка ылайык, хакерлер Фокстун почтасына 2019-жылдын июль-октябрь айларынын аралыгында бир канча жолу киришкен. Алар Лондон менен Вашингтондун соода алакасы боюнча жазышкан каттарын Интернетке чыгарып жиберишкен.
Британ өкмөтүнүн өкүлү бул маалыматтар иликтенип жатканына байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Оппозициялык лейбористтик партия былтыр шайлоо алдында премьер-министр Борис Жонсондун өкмөтү Британиянын Саламаттык сактоо кызматын сатууну көздөйт деп айыптаган. Муну премьер-министр четке каккан.
Британ парламенти Москва Шотландиянын эгемендик алышы боюнча өткөн референдумга, Брекзитке кийлигишүүгө аракет кылган деген мазмундагы баяндамасын июнь айында жарыялаган. Анда Орусия Британия менен Батыш өлкөлөрүнө ар тараптуу тыңчылык, киберчабуул жүргүзгөн «кас держава» катары көрсөтүлгөн.