Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Өкмөт мурдагы «Гансиде» толук камсыздалган инфекциялык оорукана ачмай болду


Мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда иштеп жаткан «Семетей» госпиталы.
Мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда иштеп жаткан «Семетей» госпиталы.

Өкмөт мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда түзүлгөн «Семетей» аскердик-талаа госпиталында толук жабдылган инфекциялык оорукана ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал жерде коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу, лабораториялык диагностика жүргүзүү, дарылоо жана жандандырыш үчүн заманбап жабдыктар орнотулушу керек болот.

Өкмөт бул жерде 1000ден ашык орунга эсептеле турган инфекциялык клиника ачылса шаардагы башка ооруканалар өз багыты боюнча ишин улантууга киришерин, күз-кыш мезгилинде вирустук инфекциялар күчөй турган убакка чейин жаңы оорукананын кадр жана материалдык-техникалык маселелерин чечүү зарыл экенин белгиледи.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын соңунда башталган. Жалпысынан бул илдет 37 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге чукулу каза болду, 30 миңдейи айыгып кетти.

Бишкекте оорунун курчуган учуру июль айынын биринчи жарымында катталып, борбор калаадагы инфекциялык жалгыз ооруканада бош орун жок калгандыктан өкмөт башка медициналык жайларда атайын бөлүмдөрдү ачкан – алардын эң чоңу «Семетей» госпиталында. (RK)

XS
SM
MD
LG