Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кызматкерине карата күч колдонуу болгонун билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына 3-августта жарыяланды.
Анда айтылгандай, 31-июлда белгисиз бир аял элчиликтин күзөт кызматкерине кол көтөрүп, мазактаган, чагымчыл мүнөздөгү бул окуя мекеменин видео көзөмөл камераларына далил катары тартылып калган.
Элчилик кызматкерлерине карата минтип кол салгандар буга чейин да болгонун белгилеп, мыйзам бузгандар жоопко тартылышы ыктымал экенин эскертти.
Дипломатиялык өкүлчүлүк 31-июлдагы окуя Москванын «Якиманка» ички иштер бөлүмүндө каттоого алынганын кошумчалады жана буга чейин «РЕН ТВ» каналы «элчиликтин кызматкери бир аялды сабады» деп тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери туруктуу авиакаттамдар токтогондуктан мекенине кетүүгө жардам сурап, элчиликтин алдында топтолгондор көп болуп жатат. (RK)