Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандар 1400 кишиден ашты (видео)

Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда 3-августта COVID-19 илдетинен жети киши кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдиргендей, бир сутка ичинде каза болгон бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүй облусунда, бирөө Жалал-Абад, дагы бири Талас облусунда катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын саны жалпы 1427 кишиге жетти.

Бир күн ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 37541 кишиден табылып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.

 

XS
SM
MD
LG