Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күнгө карата 312 миллиард сомдон ашат. Бул төрт миллиард доллардан ашуун каражат.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, тышкы карыздын жалпы көлөмү ички дүң өнүмгө карата 53,51% түзөрү болжолдонууда.
2018-жылы бул көрсөткүч 46,9%, 2019-жылы 45,5% болчу.
Жалпы мамлекеттик карыздын ичинде тышкы карыз 86% түзүүдө.
Тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» соңку маегинде билдирген. Анын айтымында, Кытай баштаган бир нече өлкөлөр менен карызды төлөөнү убактылуу токтото туруу боюнча келишимге жетишилди. (RK)