Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кыргызстанда Кызытмага каршы улуттук борбор түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Кызытмага каршы улуттук борбор түзүлдү. Бул тууралуу 4-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова «Азаттыкка» билдиргендей, борбор спортто допинг колдонууга жол бербөө жана бул көрүнүшкө каршы күрөшүү максатында түзүлдү.

«Борбордун дирекциясы Кыргызстанда антидопинг саясатын ишке ашыруу, иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү, Дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана Кыргызстандын антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу, кыргызстандык спортчулар арасында таза спортту жайылтуу милдеттерин аткарат», - деди ал.

2016-жылы кыргызстандык оор атлет Иззат Артыков Олимп оюндарында коло медалга ээ болгон. Бирок кызытма колдонду деген жүйө менен жеңиши жокко чыккан. Артыков өзү таза экенин билдирген.

Кызытмага каршы эл аралык агенттик (WADA) быйыл күзүндө Кыргызстанда жыйын өткөрүп, ага 50гө жакын өлкөнүн спорт министрлерин чакырууну пландаган. (RK)

XS
SM
MD
LG