Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Ооганстандагы абактан жүздөгөн адамдар качып кетти


Желалабад абагындагы «Талибандын» тарапташтары.
Желалабад абагындагы «Талибандын» тарапташтары.

Ооганстандын Желалабад шаарында 2-августтан 3-августка чейин уланган чабуулдун курмандыктары 39 кишиге жетти. Кол салууну «Ислам мамлекети» террордук тобу моюнга алган. Кеминде 10 жоочу жок кылынганын Нангархар провинциясынын бийлиги билдирди.

Нангархардагы ал абакта «Ислам мамлекети» жана «Талибан» экстремисттик топторунун 1700 чамалуу тарапкерлери кармалып турушат. Кол салуудан кийин алардын 50-100 чактысы качып кеткени кабарланган. Кийинчерээк абактан качкандар 300дөн кем эмес экени такталды.

Чабуул Ооганстандын чалгын кызматы «Ислам мамлекети» террордук тобунун анабашыларынын бири Асадулла Ораксай өлтүрүлгөнүн билдиргендин эртеси уюштурулду.

Аз мурда Бириккен Улуттар Уюму аталган топ дагы эле чуулгандуу чабуулдарды уюштура аларын, «Талибандын» ооган бийлиги менен ымалага келишине каршы чыккан тарапташтарын азгырып кетүүгө кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG