Кыргызстанда коллеждерге кабыл алуунун биринчи турунда 22 070 абитуриент арыз тапшырды.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, абитуриенттер spuz.edu.gov.kg порталында онлайн катталып жатышат.
Коллеждер 3-августтан тартып окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады. Эми абитуриенттер 6-августка чейин окууга тапшыруу ниетин ырасташы керек. Аны коллеж кызматкерлери абитуриенттерге телефон аркылуу чалып тастыкташат.
Документтерди студенттер окуу жылынын башында берүүгө тийиш.
Буга чейин Кыргызстандагы 145 коллеж абитуриенттерди онлайн негизде окууга кабыл ала баштаган.