Баткен облусунда коронавирустун алдын алыш үчүн 23-июлдан тартып дарыгерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдырып жатышат.
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 4-августтагы онлайн брифингде билдирди.
Абдрахмановдун айтымында, адистер жер-жерлерде элдин саламаттыгын текшерип жүрүшөт. Аларга жарандарга медициналык кеңеш берип, жардам көрсөтүү, зарыл болгон учурда ооруканага дарыланууга жиберүү милдети жүктөлгөн.
Бүгүнкү күнгө чейин облус аймагында 2150 үй-бүлө текшерилди.
Расмий маалымат боюнча 4-августка карата Кыргызстанда коронавирустун курмандыктарынын саны 1427ге жетти. Бир күн ичинде өлкөдөгү ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты.
Пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.