Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Өзбекстан чет өлкөлүктөрдүн визасын узартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөрдүн визасы автоматтык түрдө 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү комитети билдирди.

Виза мөөнөтү өтүп кеткен чет элдиктерге айып салынбайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзбек бийлиги марттан тартып темир жол жана авиа каттамдарын токтоткон. Июлдан бери карантин чаралары кайра күчөтүлүп, 15-августка чейин узартылды. Өкмөт ага чейин күндүк жаңы катталган учурлар 400дөн ашпаса чектөөлөрдү жумшартууга даяр экенин билдирген.

Өзбекстанда 3-августта коронавирус жуккандарга дагы 748 киши кошулуп, жалпы илдетке чалдыккандар 26 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG