Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Казакстанда жүз миңдеген окуучунун аралыктан окууга шарты жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү 185 миң окуучунун аралыктан билим алууга шарты жок. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов 4-августтагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 483 миң окуучуда Интернетке туташуу мүмкүндүгү жок болсо, 604 калктуу конушта телетрансляциялар жеткиликтүү эмес.

«Дагы 24 миң мугалимдин компьютери, эки миң мугалимдин Интернети жок. Биз 1-сентябрга чейин мектептердеги компьютерлерди убактылуу колдонууга берүү аркылуу 500 миңден ашык окуучуну техника менен камсыз кылууну пландап жатабыз», - деди министр.

Өткөн айда бул өлкөнүн Билим берүү министрлиги окуучулар жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин толугу менен аралыктан окуй турганын билдирген. «Кийинки чейректер тууралуу чечим эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ошол эле маалда экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чейрек үчүн методикалык куралдар менен сабактарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат», - деген министр.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдөгү 3,3 миллион окуучунун 2,6 миллиону аралыктан билим алат. 530 миң окуучу нөөмөт класстарында окуса, 157 миң бала кадимки тартипте билим алат.

XS
SM
MD
LG