5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, түштөн кийин күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.