Албания «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү, теракт уюштурууга даярданган деген шек менен кармалган тажикстандык Комрон Зухуровду Германияга өткөрүп берди. 4-августта Тирананын прокуратурасы Зухуров АКШнын Германиядагы аскер мекемелерине чабуул уюштурууну пландаганын билдирди.
Июнь айында сот 24 жаштагы Зухуровду адилетсиз соттолуп, кыйноого кабылышы ыктымал деп мекени Тажикстанга экстрадициялоодон баш тарткан.
30-апрелде Албаниянын полициясы шектүү Интерпол менен чогуу өткөрүлгөн операция учурунда кармалганын билдирген. Маалыматка караганда Зухуров буюртма киши өлтүрүү үчүн Албанияга келген.
Адвокаты Аслан Догжани шектүү немис бийлигинин айыптоолорун четке какканын билдирген. Анын айтымында, кармалганга чейин Зухуров Германияда жашап, февраль айында Албанияга эжесиникине конокко келген.
15-апрелде Германиянын бийлиги Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында теракттарды уюштурууга кам көргөн деген шек менен төрт тажикстандык кармалганын билдирген.