Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Кененбаев: Ыктыярчылар көтөргөн маселелердин 70% аткарылууда


Жапалак айылындагы ыктыярчылар түзгөн көчмө бригада тууралуу маалымат тактасы. Ош шаары. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жапалак айылындагы ыктыярчылар түзгөн көчмө бригада тууралуу маалымат тактасы. Ош шаары. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппарат башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев ыктыярчылардын мамлекет башчы менен жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин 70% ишке ашканын 4-августта аларды кабыл алган учурда билдирди.

Президенттик аппараттын өкүлү аткарылган иштерге Бишкек жана Чүй облусундагы коронавирустан дарылоочу ооруканалардагы орундар тууралуу маалыматтык система иштелип чыкканын, COVID.KG жана Финансы министрлигинин сайтында эл аралык донорлордон алынган каражаттар, дары-дармек, медициналык жабдуулар жана башкалар тууралуу толук маалыматтар жайгаштырылганын мисал келтирди.

Кененбаевдин айтымында, учурда өлкө аймактарындагы 12 саламаттык сактоо мекемесинде оңдоо иштери жүрүп жатат, анын ичинен тогуз объект толугу менен оңдолууда. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларына жаңы инфекциялык ооруканалар курулат.

Ыктыярчылардын талабы менен жер-жерлердеги медицина кызматкерлерин коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуудагы жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу буйрук чыгарылды. Медицина кызматкерлери үчүн төлөнүп бериле турган кошумча акы 30% көтөрүлдү. 120дан ашуун медицина кызматкери Ысык-Көлдөгү санаторийлерге саламаттыгын чыңдаш үчүн жиберилди. Сырттан алынып келген дары-дармек жана башка медициналык товарларды дарегине жеткирүү жеңилдетилди.

Алмаз Кененбаев ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирип, алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу улана бере турганына ишендирди.

Ыктыярчылардын өкүлү Нуриля Чолпонбаева «​Азаттыктагы»​ маегинде президенттик аппарат өкүлүнүн сөзүн ырастап, ооруканалар курула баштаганын, дары-дармек, медициналык каражаттардын жетиштүү экенин мисал келтирди.

21-июлда коронавирус шартында иштеп жаткан 12 ыктыярчы менен президент Сооронбай Жээнбеков кездешкен. Анда демилгелүү топтордун өкүлдөрү пандемия учурунда мамлекеттик мекемелер кетирген кемчиликтер, жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, дары-дармектин тартыштыгы тууралуу жана жалпы эле коомчулукту нааразы кылып жаткан маселелерди көтөрүшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG