Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Бейруттагы жарылууда кеминде 78 адам набыт болду


Жарылуудан кийинки көрүнүш.
Жарылуудан кийинки көрүнүш.

Ливандын борбор калаасы Бейруттун порт аймагындагы жарылуудан кеминде 78 адам набыт болду. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги өлкө бийлигине таянып маалымдады. Ливандагы Кызыл чырым коому миңдеген киши жабыркаганын билдирди.

Урандыларды тазалоо, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жарадарлардын саны көбөйүшү ыктымал деген божомол бар.

Күбөлөрдүн айтымында, аябай катуу жарылуунун эпкини жер титирөө сыяктуу чоң радиустагы аймакка ири зыян келтирди.

Жабыркагандардын арасында Казакстандын Бейруттагы консулу да бар экенин коншу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Элчилик жайгашкан имарат да зыян тарткан. «Азаттыктын» казак кызматы орус элчилигинин имараты да зыянга учураганын жазды.

Окуяда кыргызстандыктар жабыр тартканбы же жокпу, азырынча расмий маалымат бериле элек.

Жарылуу шаардын порт аймагында – жардыргыч заттар арбын сакталган жерде болгонун мамлекеттик NNA агенттиги кабарлады.

Интернетке тараган видеолордо бийик түтүндү жана адамдарды жарылуунун толкуну ыргытып салганын көрүүгө болот.

Ливандын президенти Мишел Аун Коргонуу кеңешин чукул жыйынга чогултту. Жарылуунун себеби али белгисиз.

XS
SM
MD
LG