Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

Июлда Орусиядан 7986 адам Кыргызстанга кайтып келди


Москва-Бишкек багытындагы чартердик учак «Манас» аэропортунда. 14-июнь, 2020-жыл.

Быйыл 1-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Орусиядан 35 чартердик каттамдагы учак жана 32 автобус менен дээрлик сегиз миң кыргызстандык мекенине кайтып келди. Жалпысынан пандемия башталгандан берки убакта 20-марттан тартып 3-августка чейин Орусиядан 22,5 миңдей кыргызстандык кайтты. Аларды алып келиш үчүн жалпысынан 93 чартердик авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташа электигине байланыштуу утурумдук авиакаттамдар жүргүзүлө элек экенин жана орус-казак чек арасы да ачыла элек экенин эскертүүдө.

Дипломаттык мекеме Орусиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка үндөп, орус-казак чек арасына чогулбоого чакырды. Маалыматта жазылгандай, жумуш таба албаган мигранттар үчүн элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын сайттарында 3500ден ашуун иш орундары тууралуу маалыматтар жайгаштырылган.

Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG