Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

COVID-19: Бир күн ичинде 11 киши кайтыш болду

Бишкектеги убактылуу ооруканадагы медкызматкер иш учурунда. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканадагы медкызматкер иш учурунда. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка аралыгында коронавирустан 11 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдиргендей, вирустан кайтыш болгондордун бешөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти.

 

XS
SM
MD
LG