Кыргызстанда бир сутка ичинде 569 кишиден лабораториялык жол менен коронавирус аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын 5-августтагы брифингде билдиргенине караганда, вирус жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкек шаары дагы эле биринчи орунда.
Бир күн ичинде илдет табылган 569 кишинин 190у Бишкекте аныкталды. Ал эми Ош шаарында– 84, Чүйдө – 45, Ош облусунда – 64, Таласта – 43, Нарында – 13, Ысык-Көлдө– 41, Жалал-Абад облусунда – 47, Баткен аймагында - 42 адамдан COVID-19 табылды.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирусту 38110 киши жугузуп алды, анын 29510у айыкты. Вирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти.
3-4-августтагы расмий маалыматтарда вирус жаңы аныкталган учурлар 400дүн тегерегинде болуп жаткан.
Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө дарыланып жатканын айтышууда.