Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

АКШнын жараны Уилан Мордовиядагы колонияга жөнөтүлдү


Пол Уилан сотто. Москва, 15-июнь, 2020-жыл.
Пол Уилан сотто. Москва, 15-июнь, 2020-жыл.

Орусияда тыңчылык үчүн 16 жылга соттолгон америкалык жаран Пол Уилан жазасын Мордовиядагы колонияда өтөйт. Шейшембиде адвокаты Ольга Карлова Уиландын агасы Дэвидден алынган маалыматка таянып, ал Мордовияга жөнөтүлгөнүн ТАСС агенттигине билдирди. Адвокат СИЗОнун жетечилиги маалыматка комментарий берүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Дэвид Уилан болсо өз кезегинде Британиянын элчилигинен алынган маалыматка шилтеме кылды. Пол Уилан АКШ менен катар Ирландиянын, Канаданын жана Британиянын да жараны.

Жаза аткаруу кызматы Уилан Мордовияга 1-августта жеткирилгенин элчиликке тастыктады. Бир тууганы жакындарына анын кайда жана качан которулганы маалымдалбаганын белгиледи.

15-июнда Москва шаарынын соту Уиланды 16 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. Ал күнөөсүн моюнга алган жок, бирок АКШда отурган орусиялыктарга айырбашташат деген үмүт менен өкүмдү жогорку инстанцияда талашпоону чечкен.

Адвокаттары сентябрда ошондой вариант ишке ашышы ыктымал деген бышыкталбаган маалымат бар экенин айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG