Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Текебаевдин жана Чотоновдун соту 10-августта уланмай болду


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту 10-августта уланмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, 5-августка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга Текебаевдин оорусуна байланыштуу маалымат бериш үчүн чакыртылган медициналык адис келбегени себеп болду.

«Сот прокуратураны «көз каранды эмес адис чакырткыла» деп милдеттендирген болчу. Прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган экен, бирок бүгүн андай адис келген жок», - деди адвокат.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүнкү отурум Текебаев келбегенине байланыштуу өтпөгөнүн маалымдады.

Текебаев пневмониядан дарыланып эки жума ооруканага жатып чыкканын, дагы эки жума үй режиминде дарыланып, андан кийин обсервацияда болушу керек экенин 29-июлда билдирген.

Ошол күнү сот отурумунда судья Текебаев өзү келе албаса аны дарылаган доктур келип, маалымат беришин талап кылган.

3-августтагы отурумда Текебаевди караган дарыгер «кызыл зонада» иштеп жатканы, сотко келе албай тургандыгы айтылган. Башкы прокуратуранын өкүлү анда Текебаевдин өзүн мажбурлап алып келүүнү соттон суранган.

Токтакунова 14 күндүк мөөнөт 10-августта аяктай турганын, ага чейин Текебаевди сот залына алып келүү жараяндын башка катышуучуларынын ден соолугуна кооптуу экенин айтып, прокуратуранын жүйөсүнө каршы чыккан.

Натыйжада сот кезектеги отурумду 5-августка дайындаган. Башкы прокуратурадан 14 күн үйдө жатса болобу же жокпу деген маалыматты тастыктап бериш үчүн өзүлөрү каалаган медициналык жайдын өкүлүнүн катышуусун камсыз кылууну талап кылган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (RK/AiB)

XS
SM
MD
LG