Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков Казакстан калкынын ассамблеясынын сыйлыгын алды


Нурлан Калыбековго ыйгарылган сыйлык.
Нурлан Калыбековго ыйгарылган сыйлык.

Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Казакстан калкынын ассамблеясынын «Мээрим» төш белгиси менен сыйланды. Мындай сыйлыкты ыйгаруу тууралуу чечим Калыбековдун коомдук байланышты жана жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымын белгилөө максатында кабыл алынганы айтылды.

Акындын «Нур дүйнө» (1995-ж.), «Ырлар жана поэма» (1999-ж.), «Азия, все мы твои дети» ( 2000-жыл, жамааттык жыйнак), «Дервиш миров»( 2002-ж.), «Теңиринсан» (2004-ж.), «Күнэл»( 2007-жыл, жамааттык жыйнак), «Сыр жарык» (2010-ж.), «Кожоюн» (2014-ж.) жана «Ирмемдер» (2015-ж.) аттуу китептери жарык көргөн.

Калыбековдун ырлары орус, казак, азери тилдерине которулган. Ал казак акын жана жазуучулары Мукагали Макатаевдин «Үч бакытым» (2000-ж.), Магжан Жумабаевдин «Теңир от» (2002-ж.) китептерин кыргызчага которгон.

Нурлан Калыбеков «Азаттык» радиосунун студиясында. Архивдик сүрөт.
Нурлан Калыбеков «Азаттык» радиосунун студиясында. Архивдик сүрөт.

2000-2002-жылдары Калыбеков эл аралык «Шабыт» фестивалында М.Макатаев жана Г.Мусрепов атындагы адабий сыйлыктар менен, 2015-жылы казак хандыгынын 550 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган.

Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы болуп Калыбеков 2019-жылдын февраль айында дайындалган.

«Мээрим» төш белгиси менен кыргыз жана казак тилдеринде ыр жазып, эки элдин чыгармаларын бирдей которуп, чыгармачылык менен жигердүү алектенип келе жаткан жаш калемгер Перизат Алмаз кызы да сыйланды.

Казакстан калкынын ассамблеясы - өлкө президентине караштуу кеңеш берүүчү-кеңешме орган. Ассамблея 1995-жылы түзүлгөн. (MSd)

XS
SM
MD
LG