Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү миссиясын аяктады


Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар миссиясы аяктап жатканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бишкек, 5-август, 2020-жыл.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар миссиясы аяктап жатканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бишкек, 5-август, 2020-жыл.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар миссиясы аяктап жатканына байланыштуу бүгүн, 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Мамлекет башчы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Андан тышкары өлкөнүн социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу катаал учурдагы салымын белгиледи:

«Сиз Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө сезилерлик салым коштуңуз. Аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана балдарды колдоого байланыштуу стратегиялык демилгелерди колдогонуңуз үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем».

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууда жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматын аяктап жаткан Болормаа Амгаабазардын сиңирген эмгеги үчүн президент Жээнбекова ага мамлекеттик сыйлык - Ардак грамотасын тапшырды.

Дүйнөлүк банктын өкүлү колдоо жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы өзүнүн миссиясын өтөгөн мезгилде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн мамлекет башчыга алкыш айтты:

«Кыргызстандагы ишмердүүлүгүм жүрүп турган учурунда чогуу 20га жакын долбоорду аягына чыгардык. Мага бул жерде иштөө абдан ыңгайлуу болду, себеби Кыргызстан көп жагынан менин мекеним Монголияга окшош. Мен Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем», - деп айтты Болормаа Амгаабазар.

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 2017-жыл, августтан бери башкарып келди.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда "Таза суу" долбоорун ишке ашырууда, Бишкек-Ош жолунун курулушуна каражат берген. 2020-жылдын 30-июнуна карата өлкөнүн мойнундагы 4, 1 млрд тышкы карыздын бир бөлүгү Дүйнөлүк банкка таандык.(ZKo)

XS
SM
MD
LG