Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Адвокат: Караколдук укук коргоочу Рузиев ооруп жатканына карабастан тергөөгө чакырылууда


Kамил Рузиев. Архивдик сүрөт.
Kамил Рузиев. Архивдик сүрөт.

Укук коргоочу Камил Рузиев эки өпкөсүнөн пневмония болуп ооруп жатканына карабастан тергөө амалдарына чакырылууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында, тергөөчүлөр Рузиев суракка качан бара аларын так билдирбей жатканын жүйө келтирүүдө.

«Бирок Рузиевдин көзү ачык эмес да. Качан айыгып кетерин билбейт, - деди адвокат. - «Тергөө амалдарын коё туруңуздар» деп өтүнүч келтирсем да болбой жатышат. Төрт жолу чакырышты. Медициналык аныктамасын көрсөтүп жатабыз. Рузиев өзү оорукчан. Эки өпкөсүндө өнөкөт бронхити бар. Ошого карабай чакыртып жатышат».

Караколдук укук коргоочу Рузиевге карата тергөө Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» беренесинин негизинде жүрүп жатат. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогонун мекеменин басма сөз кызматы 30-майда кабарлаган.

Рузиев Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Козголгон кылмыш ишин ал мыйзамсыз деп баалап, күнөөсү жок экенин айтып келет.

Буга чейин адвокат Жакупбекова документ жасалмалоо тууралуу ишти мыйзам боюнча УКМК карабай турганын, бул тууралуу Башкы прокуратурага арыз жөнөтүлгөнүн билдирген. Ушул эле маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөндө УКМК өкүлү депутаттарга жооп бере албасын айткан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы адвокаттын Рузиев боюнча кайрылган үч жолдомосу бар экенин «Азаттыкка» 24-июлда билдирген. Анын экөө тергөө караштуулугуна байланыштуу жеринде чечиш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү, ал эми бир кайрылуусу текшерүү алдында турганы, кароо стадиясы бүтө электиги маалым болгон.

Рузиев быйыл 29-майда Караколдо анын УКМК жана прокуратура кызматкерлерине каршы доо арызы каралган сот отурумунан чыгып келе жатканда кармалган. Эки күн изолятордо отургандан кийин ал алгач үй камагына алынып, кийин жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG