Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

ИСНА: Ирандын Машхад шаарында аялдарга велосипед тебүүгө тыюу салынган жок


Велосипедчен аялдар. Тегеран.
Велосипедчен аялдар. Тегеран.

Ирандын Хорасан Разави аймагынын прокурору провинциянын борбору Машхадда аялдарга коомдук жерлерде велосипед менен жүрүүгө тыюу салынганын четке какты. Бул тууралуу ИСНА агенттиги кабарлады.

Мурунку күнү аймактын Велосипедчилер биримдигинин төрагасы Мехди Руузбеханех тыюу салынганын, чечимди провинциянын Ислам адеп-ахлагы боюнча кеңеши бекиткенин билдирген. Машхаддын казысы аятолла Ахмад Аламолхода эскичил көз караштары, концерттерге жана аялдардын эркиндигине каршы билдирүүлөрү менен белгилүү. Буга чейин аялдардын велосипед менен жүрүшүнө да каршы сүйлөп келген.

Руузбеханех хижабчан аялдарга уруксат алууга аракеттенип жатышканын билдирген жана чектөөгө башын жаппай жүргөн аялдар күнөөлүү экенин айткан.

2016-жылы Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи коомдук жерлерде велосипед тепкен аялдарды «арам» деп атаган фатва чыгарган.

Акыркы кезде Ислам Республикасынын шаарларында консерватор диниятчылардын каршылыгына карабай велосипед менен жүргөн кыз-келиндер көбөйүүдө.

2019-жылы сот бийлигинин басма сөз өкүлү шариятка жараша жүрсө, велосипедчен аялдарга тыюу салынбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG