Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Тел-Авив мэриясы тилектештик иретинде имаратын Ливандын желегинин түсүнө боёду


Ливандын желеги.
Ливандын желеги.

Бул Бейруттагы жарылуунун курмандыктарына көңүл айтыш үчүн, тилектештик иретинде жасалды. Ливандын желегиндей түстөр менен жарыктандырылган имараттын сүрөтүн шаардын мэри Рон Хульдаи «Твиттердеги» баракчасына койду. Ал «адамгерчилик ар кандай чатакка караганда жогору, биздин жүрөгүбүз бүгүн ливан коңшуларыбыз менен бирге» деп жазды.

Ливандагы жарылуудан кийин Израил өкмөтү кырсыктын кесепеттерин жоюуда жардамын сунуш кылды.

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарынын порт аймагында аммиак селитрасы сакталган кампа жарылып кеткен.

Жарылуу кеминде 135 кишинин өмүрүн алып кетти, миңдеген адам жарадар болду.

Порттогу кампада сакталган 2700 тонна аммиак селитрасы ал жакта 2014-жылдан бери топтолуп турган.

XS
SM
MD
LG