Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Бишкекке Новосибирскиден, Ошко Москвадан кыргызстандыктар учуп келди


Сырттан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учактардын бири. Май, 2020-жыл.
Сырттан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учактардын бири. Май, 2020-жыл.

5-августта Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен 184, ал эми Санкт-Петербург – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда 173 кыргызстандык жаран келди. Алардын катарында кош бойлуу, балалуу аялдар, улгайган жарандар, депортация болгондор, Орусиянын окуу жайларында окуган студенттер бар. Каттамда Сибирдин аймактарынан, Владивостоктон, Якутскиден, Түштүк Сахалинден, Хабаровск менен Красноярскиден кыргыз жарандары учуп келди.

Булардан тышкары 5-августта Москва-Ош багытындагы чартердик каттам менен 155 кыргызстандык жаран учуп келди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

2019-жылдагы расмий маалыматка караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG