Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

COVID-19: Бир суткада тогуз бейтап кайтыш болду, вирус 549 кишиден табылды (видео)


Медицина кызматкери иш учурунда.
Медицина кызматкери иш учурунда.

Кыргызстанда бир күн ичинде COVID-19 илдетинен тогуз киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августтагы брифингде билдиргендей, кайтыш болгондордун бешөө Бишкекте, экөө Ош облусунда, экөө Баткен облусунда.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447 кишиге жетти.

Расмий маалыматка караганда, бир сутка аралыгында лабораториялык жол менен вирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү.

Соңку бир күндө вирус жугузуп алган 589 бейтап ооруканалардан айыгып чыкты. Ал эми пандемияда айыккандардын жалпы саны 30 099 киши болду.

COVID-19 илдетин жугузуп алган жана андан каза тапкандардын саны боюнча Бишкек шаары дагы эле биринчи орунда.

Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG