Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Депутат Жумалиевге активист Жапыкеев 10 миң сом кенемте төлөмөй болду


Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сурөт.
Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сурөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди:

«Ленин райондук сотунун чечими менен Жумалиевдин Жапыкеевге карата берген доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүп алуу тууралуу чечим чыкты».

Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG