Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Өкмөт парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата даярдык толугу менен жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн өткөргөн жыйынга укук тартибин коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери да катышып, шайлоого даярдык тууралуу маалымат беришти.

Шайлоо комиссияларын уюштуруу жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча республикалык штаб түзүлгөнү, аны вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектей турганы белгилүү болду.

Шайлоо күнү добуш берүүгө келген ар бир шайлоочунун дене табы өлчөнүп, аларга жеке коргонуу каражаттары таркатылары, шайлоо бекеттеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылып турары айтылды.

Боронов: «Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо бекеттеринде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, адамдарга вирустун жугушун алдын алуу зарыл. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», - деди.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтышкан. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айткан.

Соңку маалыматка караганда, жалпысынан 2464 шайлоо участогу бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. Шайлоочулардын баштапкы тизмесине (24-июлга карата) үч млн. 428 миң 873 адам кирди. (RK)

XS
SM
MD
LG