Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

Ооганстандагы кагылыштарда талиб жоочулары менен жайкын тургандар мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман Ооганстандын Газни чыгыш провинциясында 6-августтагы кош кагылышууда «Талибандын» кеминде 16 жоочусу өлгөнүн билдирди. Бул чырдашкан эки тарап атышууну токтотуу жөнүндө макулдашкандан кийинки талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн алгачкы кагылышуусу болуп калды. Аман Кабул канча адамын жоготкону тууралуу маалымат берген жок.

«Талибан» да азырынча буга байланыштуу комментарий бербей турат.

Ооган бийлиги 5-августта батыштагы Нимрох провинциясындагы Хаш-Род районунда машине минага кабылып, беш жайкын тургун курман болгонун кабарлаган. Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес.

«Талибан» менен өкмөттүк күчтөр өлкөнүн түндүгүндөгү Баглан провинциясында да атыша кетип, анда төрт талиб жоочусу өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

Кабул менен «Талибан» Курман айт майрамына карата үч күнгө атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан жана мындай кыска убакытка жарашуу дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жанданат деген үмүт берген.

XS
SM
MD
LG