Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Карантинге карабай Өзбекстанда бала бакчалар кайра ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылганына карабай бала бакчалар кайра ачылганы жатат. Бул тууралуу Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеме тараткан билдирүүдө «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандантуунун максаты - балдарды кадыресе, көнүмүш жашоого, оюндарга, окууга кайтаруу. Балдар үчүн да, тарбиячылар үчүн да коопсуз шарт түзүлөт» деп айтылат. Ошондой эле кошумча сактык чаралары киргизилери белгиленген.

Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан тартып өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери карантинге жабылган.

Июнь айынын ортосунан тартып эпидемиологиялык абал жакшыраак деген аймактарда жеке менчик бала бакчалардын ишине уруксат берилген. Анда августтан тартып бардык бала бакчалар ачылары айтылган.

Өзбекстанда коронавирус 27 миңден ашык адамдан табылып, 165 бейтап көз жумду. Ушул айда бийлик карантин эрежелерин кайталап күчөткөн.

XS
SM
MD
LG