Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:42

Бишкекте Үркүндүн курмандыктары эскерилди


«Ата-Бейит» комплекси.

Бишкекте 7-августта Үркүндүн курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Үй куруучулар» кыймылынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков кабарлады.

Анын айтымында, шаардын «Түштүк дарбазасынын» жанында орнотулган эстелик таштын жанында 30дай киши чогулуп, куран окулду.

««1991-жылы «Үй куруучулар», «Ашар», КДК, «Асаба» болуп жөө жүрүш жүргүзгөнбүз, - деди Бейшенбек Абдразаков. - Ошондо ушул жерге, Боом капчыгайына, Үркүн учурунда эл кырылган жердин баарына таш белги коюлган. Бийликке «ошол жерлерге эстелик салып бергиле» деп кайрылганбыз. Мына, бул жерде алигүнчө эстелик салынбай турат. Бүгүн да келип, куран окуттук. «Эстелик коюп бергиле» деп бийликке кайрылып жатабыз. Илдетке байланыштуу көп киши чогултканга болбой калды».

Үркүндүн курмандыктарын эскерүү. 2020-жылдын 7-августу.
Үркүндүн курмандыктарын эскерүү. 2020-жылдын 7-августу.

Абдразаков билдиргендей, иш-чарага «Үй куруучулар» кыймылынын өкүлдөрү жана конок катары коомдук ишмерлер Турсунбек Акун, Чолпонбек Абыкеев жана Кадыр Кошалиев катышты.

Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтому менен август айынын биринчи жума күнү Кыргызстанда 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. Бул күндөрдү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү жарлыкка 2017-жылдын 26-октябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ал жарлык «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында» кабыл алынганы айтылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Айрым орус жана украин тургундар Ысык-Көлдө кыргыздардын оторчулукка каршы боштондук көтөрүлүшү тарабына өтүшкөнү маалым.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG