«Твиттер» корпорациясы мамлекеттик органдарды, аткаминерлерди, мамлекетке тиешеси бар маалымат каражаттарын, алардын редакторлорун жана өкүлдөрүн белгилей баштады. Бул тууралуу корпорация бейшембиде билдирди. Маалыматка ылайык, бул мамлекеттин өкүлдөрү менен твиттерчилердин ортосундагы байланышты жеңилдетүү максатында жасалган. Азырынча беш өлкөгө – Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн, анын ичинде Орусиянын твит аккаунттары белгилене баштады.
Мамлекет башчылардын аккаунттары, мисалы Трамптын аккаунту белгиленген жок. Бирок Ак үйдүн расмий аккаунту белгиленди.
Мамлекеттик жана ага тиешеси бар маалымат каражаттары да мамлекеттин көзөмөлү алдында турган ЖМК катары белгиленет. Мамлекеттен каржыланып, бирок көз каранды болбой иштеген ЖМКлар белгиленбейт. Жалпысынан RT жана анын башкы редактору Маргарита Симоньян, РИА «Новости», ТАСС, «Синьхуа» кытай аккаунту, англисче аккаунт «Женьминь жибао» белгиленди.
Мурдараак мындай жобону «Фейсбук» киргизген эле.
2017-жылы ноябрда Орусияда чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарын чет элдик агент деп таануу боюнча мыйзам кабыл алынган.
Юстиция министрлиги учурда «Америка үнү» радиосун, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус тилдүү редакцияларын «чет өлкөлүк агенттер» катары карайт. Мындай уюмдар финансылык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, макалаларында «чет элдик агент» экендигин көрсөтүүгө милдеттүү. Муну аткарбаса ири өлчөмдө айып пул төлөйт.