Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

COVID-19: АКШда оорудан бир күндө эки миңден көп адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарда соңку бир күндө коронавирустан дагы эки миңден көп бейтап ажал тапты жана бул акыркы үч айдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Акыркы жолу АКШда мындай сан 7-майда катталган болчу. Өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандар 4,9 миллионго жетип калды.

АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган Бразилияда коронавирус акыркы 24 сааттын аралагында дагы 5300дөн ашык адамдан табылып, 1200дөн көп киши көз жумду. Каза болгон бейтаптардын жалпы саны 100 миңге чамалап калды. Мексикада 6-августта илдеттен көз жумгандар 50 миңден ашты. Акыркы бир күндө оору дагы 6,5 миң адамдан аныкталды.

Америкалык Жон Хопкинс унвиерситетитин эсебинде, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдет 712 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйды, оору жугузруп алгандар 19 миллион кишиге чукулдады.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 7-августта жалпысынан эки миллион адам ооруга кабылганын, 40 миңден көп бейтап көз жумганын билдирди.

Африка өлкөлөрүндө коронавируска кабылгандар бир миллион кишиге жетти. Алардын теңинен көбү Түштүк Африкага туура келет жана бул өлкө ушул тапта мындай көрсөткүч менен дүйнөдө бешинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG