Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Лойя Жырга талиб туткундары тууралуу чечим кабыл алат


Ашраф Гани камактагы 400 талиб туткунунун тагдырын Лойя Жырга чечерин билдирген.
Ашраф Гани камактагы 400 талиб туткунунун тагдырын Лойя Жырга чечерин билдирген.

Кабулда 7-августта Ооганстандагы Элдик курултай - Лойя Жырга жыйынга чогулду. Анда негизинен ооган өкмөтүнүн «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрү талкууланып, 400 талиб туткунуна байланыштуу чечим кабыл алынмакчы.

Өткөн аптада ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» менен атышууну үч күнгө токтотуу тууралуу макулдашкандан кийин дагы 500 талиб жоочусун түрмөдөн чыгарарын, Кабул баш-аягы 4600 адамды бошотконун маалымдаган.

Ооган президенти калган 400 адам оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткандыктан, аларды бошотууга «ыйгарым укугу жок» экенин билдирип, алардын кийинки тагдыры Лойя Жырганын колунда экенин белгилеген.

«Талибан» болсо АКШ менен кол коюлган тынчтык келишиминдеги шартка ылайык бардык миң адамды бошотконун билдирип жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараптарды «аймактагы туруктуулук, глобалдык коопсуздук үчүн, бардык оогандардын пайдасын ойлоп, тынчтыкты орнотуу боюнча мындай тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого» чакырды.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

XS
SM
MD
LG